Башкаруучулар кенеши

Банктын Директорлор кеңеши жоопкерчиликтүү каржылоого жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн кеңири билимге жана көндүмгө ээ.

Мамбетжанов Мэлис Тулиндыевич

Директорлор кеңешинин төрагасы


27 жылдан ашык мамлекеттик финанстар, банк жана корпоративдик секторлордо тажрыйбасы бар. Каржы министри, Мамлекеттик финансы разведка кызматынын Төрагасы, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун Төрагасы жана "Бакай Банктын" Башкаруу кеңешинин Төрагасы кызматтарын аркалаган.

Банктын Башкармасы

Банктын Башкармасы – бул банк секторунда чоң тажрыйбасы бар адистердин командасы.

Такырбашев Эмиль Абдилазисович

Башкармалыктын төрагасы


Финансы жана банк тармагында 25 жылдык тажрыйбасы бар. Эл аралык экономикалык мамилелер жана бухгалтердик эсеп жана аудит адистиктери боюнча жогорку экономикалык билим алган. Ал стажировкадан жетекчилик кызматка чейинки профессионалдык жолду басып өттү. KSFC жана РСК Банкта иштеген олуттуу тажрыйбасы бар. 14 жылдан ашык микрокредиттик жана лизингдик компанияларды жетектеген. Бир катар эл аралык долбоорлордо эксперт жана консультант болуп иштеген. Эл аралык өнүктүрүү фонддорунда 5 жылдык тажрыйбасы бар. Финансы, казыналык операциялар жана кредиттөө жаатында терең билимге жана практикалык тажрыйбага ээ.