Акыркы жаңылыктар

21.05.2025

«Альфа Телеком» ЖАКтын филиалы менен жумушчу жолугушуу

Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жетекчилиги анын туунду компаниясы – «Альфа Телеком» ЖАКына (MEGA) иш сапары менен барды. Жыйындын жүрүшүндө Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкармалыгынын Төрагасы Эмил Абдилазисович Такырбашев […]
21.05.2025

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын миссиясын кабыл алды

2025-жылдын 12-майынан 15-майына чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (Банк) Азия инфраструктуралык инвестициялык банкынын (АИИБ) миссиясын расмий сапар менен кабыл алды. Иш сапар Эл аралык өнүктүрүү […]
16.05.2025

Банктын Башкармасынын жаңы төрагасын дайындоо жөнүндө

Директорлор кеңешинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги чечими менен Эмиль Абдилазисович Такырбашев 2025-жылдын 13-майынан тартып «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК Башкармалыгынын Төрагасы кызматына дайындалды. ТТакырбашев Эмиль Абдилазисовичтин финансы-банк […]
10.05.2025

Улуттук валюта күнү жана Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктайбыз!

Финансы тармагына тиешелүү бардык адамдарды Улуттук валюта күнү жана Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктайбыз! Сиздин банк-финансы системасын өнүктүрүүгө умтулганыңыз жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымыңыз коомдун […]

Бардык жаңылыктар

ММК Биз жөнүндө

08.05.2024

Биз жөнүндө басма сөз. Акчабар: Мамлекеттик өнүктүрүү банкы КР жеңил өнөр жай тармагын насыялай баштады

Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн заманбап шарттарында жаңы финансылык инструменттерди киргизүү тармактык өсүшкө дем берүүдө жана өлкөнүн финансылык инфраструктурасын жакшыртууда негизги ролду ойнойт. Бул контекстте Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы […]

Суроолор жана жооптор

1Каржылоону алуу үчүн кандай документтер керек?
Банкта каржылоону алууга арыз берүү үчүн документтердин тизмеги бар, ал тизмек менен кийинки шилтеме аркылуу таанышууга болот.
2Бизнес-планга карата кандайдыр бир талаптар барбы?
Банктын бизнес-планды түзүүгө карата белгилүү бир талаптары бар, алар менен шилтемесинен таанышса болот. Ошондой эле Бизнес-планды түзүү боюнча усулдук көрсөтмөнү колдонуу сунушталат.
3Банктан кредитти канчалык тез алууга болот?
Арызды кароонун мөөнөтү каржылоонун мүнөзүнө, көлөмүнө, секторуна жараша болот. Ошондой эле зарыл документтердин өз убагында сунушталгандыгына жана толук берилгендигинен көз каранды.
4Эгерде менин башка компанияда кредитим болсо, мен силерден кошумча кредит ала аламбы?
Ооба, Банктан параллель кредит алса болот. Мындай кредитти алуу үч фактордон көз каранды: башка ФКМден алынган кредитти төлөө мөөнөтүнөн; башка ФКМден алынган кредиттин суммасынан; сиздин бизнеске берилген баадан – сиздин бизнестин жүрүшү эки кредитти бир төлөп кетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
5Эгерде ири суммадагы акча каражаты пайда болсо кредитти алдын ала төлөсө болобу?
Банкта мөөнөтүнөн мурда жабуу шарты каралган. Мөөнөтүнөн эрте төлөнгөн учурда үстөк айып алынбайт.
6Кредитти төлөө мезгил аралыгы кандай болушу керек?
Банктын шарттарына ылайык, бизнес долбоордун мүнөзүнө жараша жекече төлөө графигин сунуштоо каралган.
7Банктан мен кредит катары минималдуу/максималдуу дегенде канча суммада кредит ала алам?
Түздөн-түз каржылоонун алкагында минималдуу сумма 20 млн сомду түзсө, бир Карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулардын тобуна берилүүчү кредиттин максималдуу өлчөмү Банктын таза суммардык капиталынын 20%ынан ашпоого тийиш.
8Эгер биз ири өлчөмдөгү күрөө сунуштай турган болсок, анча чоӊ эмес бизнеске ири өлчөмдөгү кредит ала алабызбы?
Банктын шарттарына ылайык, суралган сумманын финансылык көрсөткүчтөрүнө ылайык каржылоону сунуштоо каралган.
9Сиздердин Банктан керектөө максаттарына кредит алса болобу?
Банктын милдети өлкөнүн экономикасын диверсификациялоо жана өсүшкө түрткү берүү максатында чарбага ээлик кылуучу субъекттерди каржылоо, жумуш орундарын түзүү жана аймактардын экономикалык жактан өнүгүшүн текшилөө болуп саналат. Керектөө кредиттери Банктын ички ченемдик документтеринин талаптарына туура келбейт.